Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Непалда учак кыйрап, борттогу кишилердин баары каза болду


Непалда учак кулаган жерде издөө иштери жүрүп жатат.
Непалда учак кулаган жерде издөө иштери жүрүп жатат.

Покхар курорттук шаарындагы жаңы ачылган аэропортко 72 киши түшкөн учак конуп жатып, капчыгайга кулаган. Акыркы маалыматка караганда, кырсыктан аман калгандар болгон эмес.

Каски районунун башкы административдик кызматкери Тек Бахадурдун билдиришинче, куткаруучулар Покхара эл аралык аэропортунан 1,6 чакырым алыстыкта жайгашкан Сети дарыясынын жанында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. 40 кишинин сөөгү табылган. Калгандарын издөө уланууда.

Учактын кыйрашынын себептери азырынча белгисиз.

Непалдын жарандык авиация башкармалыгынын маалыматына караганда, Yeti Airlines компаниясына таандык эки моторлуу учагында 68 жүргүнчү, анын ичинде 15 чет элдик жаран жана төрт экипаж мүчөсү (жалпы 72 киши) болгон. Чет элдиктердин арасында беш индиялык, төрт орусиялык, эки түштүк кореялык жана Ирландиядан, Австралиядан, Аргентинадан жана Франциядан бирден жаран болгон.

Кырсыктан соң аэропортко келген премьер-министр Пушпа Камал Дахал учак борбор шаар Катмандудан Покхарга учуп баратканын билдирди. Ал коопсуздук кызматын жана коомчулукту издөө иштерине жардам берүүгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG