Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Оштогу адам өлтүрүүгө шек саналган дагы бир жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы адам өлтүрүүгө шек саналып издөөдө жүргөн дагы бир жаран кармалганын билдирди. Милициянын маалыматына караганда, Курсантбек Шакир уулу Бишкек шаарында колго түшкөн.

Ош милициясы өзгөчө оор кылмышка шектүүлөрдү кармоо иштери уланып жатканын белгиледи.

Бул кылмышка байланыштуу үч адам 14-январда кармалганы белгилүү болгон.

Ош милициясы 13-январда адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган, кылмыш дүйнөсүндө "Женго" каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов кармалганын, дагы беш адамга издөө жарыяланганы билдирген.

"13-январда таңкы саат 01:15те Курманжан Датка көчөсүндө белгисиз адамдар Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургунун курч нерсе менен сайып өлтүрүп, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургунун катуу сабап кеткен. Натыйжада ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды", - деп жазылган милициянын маалыматында.

Кадыр Досонов буга чейин оор беренелерге айыпталып бир нече жолу кармалып, кайра бошотулган.

Соңку ирет аны 2021-жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук комитети кармаган. Былтыр сентябрда Жогорку сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG