Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:29

Бишкектеги Орто-Сай базарындагы өрт өчүрүлдү


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт, үйдү жылытууда коопсуздукту сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт, үйдү жылытууда коопсуздукту сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Орто-Сай базарында өрт чыкканы тууралуу маалымат 15-январда түнкү саат 2ден өткөндө түшкөн. Кырсык болгон жерге төрт бөлүм жана ыкчам нөөмөт кызматы барып, өрт толугу менен таңкы саат 5те өчүрүлгөн.

“Базарда жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн жашылча-жемиш саткан жай жана эт сатылган, желим материалдан курулган алты павильон, муздаткыч, отургучтар күйгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Себеби такталууда”,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин аталган министрлик аймактарда өрт, үйдү жылытуу коопсуздугун сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип жаткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2022-жылдын 11 айында 2779 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 26 адам каза тапканын билдирген. Тилсиз жоо алып келген чыгым 3 миллиард сомду түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG