Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:54

Чехия: президенттик шайлоонун биринчи турунда генерал Павел алдыга чыкты


Петр Павел Чехиянын жана мурдагы советтик блоктун өлкөлөрүнүн тарыхында НАТОнун Аскердик комитетинин биринчи жетекчиси (2015-2018-жылдары) болгон.
Петр Павел Чехиянын жана мурдагы советтик блоктун өлкөлөрүнүн тарыхында НАТОнун Аскердик комитетинин биринчи жетекчиси (2015-2018-жылдары) болгон.

Чехияда 13-14-январь күндөрү президенттик шайлоонун биринчи айлампасында отставкадагы генерал Петр Павел алдыга чыкты. Добуштардын дээрлик 99% саналгандан кийин ал 35,27%, ал эми мурдагы премьер-министр Андрей Бабиш 35,12% алганы белгилүү болду.

Ал Бабиш экөөнүн ортосунда добуштардын айырмасы анча чоң эместигин, бирок саясатта тажрыйбасы аз экенин эске алганда бул начар эмес көрсөткүч экенин айтты.

Мурдагы өкмөт башчы Бабиш учурда ири оппозициялык партиянын лидери, өлкөдөгү эң бай адамдардын бири. Апта башында Прагадагы сот аны актаган. Айыптоочу тарап Бабиш чакан бизнеске берилген Евробиримдиктин жардамын алуу үчүн мейманкананын ээси экенин жашырып койгон деп билдирген.

Петр Павел Чехиянын жана мурдагы советтик блоктун өлкөлөрүнүн тарыхында НАТОнун Аскердик комитетинин биринчи жетекчиси (2015-2018-жылдары) болгон. Ал Орусиянын Украинага басып киришине каршы катаал турумду карманып, Чехиянын батыш багытын жактайт. Аны негизинен оңчул, консервативдүү жана либералдык көз караштагылар колдойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG