Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Ош: адам өлтүрүүгө шек саналып издөөдө жүргөндөрдүн үчөө кармалды


Ички иштер министрлиги кармаган шектүүлөрдүн бири. 13-январь, 2023-жыл.
Ички иштер министрлиги кармаган шектүүлөрдүн бири. 13-январь, 2023-жыл.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы адам өлтүрүүгө шек саналып издөө жарыяланган беш адамдын үчөө кармалганын билдирди. Милициянын маалыматына караганда, эки адам Чүйдө кыргыз-казак чек арасынын өтүүгө аракет кылып жаткан маалда колго түшкөн.

Издөөдө жүргөн дагы бир жаран Нурбек Чубаков Ош облусунун аймагынан кармалган.

“Азыркы учурда өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да кармоо үчүн комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Ош милициясы 13-январда адам өлтүрүүнү уюштурууга айыптап кылмыш дүйнөсүндө "Женго" каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов кармалганын билдирген. Ошол күнү үч адамга, 14-январда дагы эки кишиге издөө жарыяланган.

"13-январда таңкы саат 01:15те Курманжан Датка көчөсүндө белгисиз адамдар Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургунун курч нерсе менен сайып өлтүрүп, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургунун катуу сабап кеткен. Натыйжада ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды", - деп жазылган милициянын маалыматында.

Кадыр Досонов буга чейин оор беренелерге айыпталып бир нече жолу кармалып, кайра бошотулган.

Соңку ирет аны 2021-жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук комитети кармаган. Былтыр сентябрда Жогорку сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG