Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты менен Базар-Коргондун акими кармалды


Базар-Коргон айылы 2021-жылы февралда шаар болуп өзгөргөн.
Базар-Коргон айылы 2021-жылы февралда шаар болуп өзгөргөн.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты, ошол эле учурда “Альфа Телеком” ишканасынын Жалал-Абад облусундагы аймактык филиалынын директору менен Базар-Коргон районунун акими алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алар Базар-Коргон шаарына кайрадан мэр болгусу келген жарандан 20 миң доллар алдап алган жана аны президент Садыр Жапаровго беришерин айтышкан.

“Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаты Э.Б.А. жана Базар-Коргон районунун акими С.Ж.М. Т.И.А. аттуу жаранга Базар-Коргон шаарынын мэри кызматына кайра келишине көмөк көрсөтөрүн айтып, анын ишенимине кирип, жеке кызыкчылыкты көздөп, андан ары президент Садыр Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң долларын ээлеп алган. Алар мурдагы убадасын аткарбай, акчасын кайтарбай, акча берген жаранды коркута баштаган. Учурда кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда",-деп жазылган маалыматта.

Кармалгандардын жакындары жана жактоочулары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Базар-Коргон айылы 2021-жылы февралда шаар болуп өзгөргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG