Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Жапаров менен Рахмон чек ара маселелерин чечүүнү сүйлөштү


Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон.

Президент Садыр Жапаров 14-январда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Жапаровдун басма сөз кызматы билдирди. Анда тараптар өз ара алака-катыштын 30 жылдыгына байланыштуу бири-бирин куттуктады. Кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо жана чек ара маселелерин чечүүнү талкуулады.

“Мамлекет башчылары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү акыркы жетишкендиктерди белгилешти. Бул 625 чакырымга жакын (жалпы чек ара узундугунун 63%) мамлекеттик чек ара тилкесинин долбоордук сыпаттамасын аяктоого мүмкүндүк берди. Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон учурдагы бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын баса белгилеп, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында сүйлөшүү процессин активдештирүү боюнча ойлорун билдирди”, - деп жазылган маалыматта.

Өткөн айда Садыр Жапаров Баткенге барганда Кыргызстан 2023-жылдын жылдын май айына чейин чек араны тактоо ниети бар экенин айтканы белгилүү болгон.

Былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ири куралдуу кагылыш орун алып, эки тараптан ондогон адам мерт болуп, турак жайлар талкаланып, өрттөлгөн. Буга байланыштуу Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин күнөөлөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG