Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:03

Майлуу-Суу шаарында жылуулук маал-маалы менен берилип жатат


Майлуу-Сууда иштеп жаткан ӨКМ кызматкерлери. 2023-жыл.
Майлуу-Сууда иштеп жаткан ӨКМ кызматкерлери. 2023-жыл.

Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаарында жылуулук маал-маалы менен берилип, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчулары жергиликтүү тургундарды таза суу менен камсыздап жатат. Ушул тушта шаарда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов баштаган топ жагдайды көзөмөлдөп жүрөт.

Шаарда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Учурда №1 отказан ишке кирип, маал-маалы менен жылуулук бериле баштады. Таза суу беш машина менен ташылып келип жатат.

Кыргызстанда бул күндөрү кыштын эң суук мезгили болуп жатат. Синоптиктердин айтымында, 16-январдан тартып аба азыркыга караганда жылуураак боло баштайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG