Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:19

Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу уланууда


Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.
Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Мамырканов Майлуу-Суу шаарында жылуулук берүүнү жана таза суу менен камсыздоону калыбына келтирүү уланып жатканын билдирди. Ага ылайык, шаардагы №1 отказанга суу жеткирүү үчүн суунун нугу бурулууда. Ошондой эле жети машине менен элге суу ташылып келүүдө.

Шаарда отказандардын бири ишке киргизилгендиктен 14-январдан тарта жылуулук маал-маалы менен бериле баштаган.

Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган.

Кыргызстанда бул күндөрү кыштын эң суук мезгили болуп жатат. Синоптиктердин айтымында, 16-январдан тартып аба азыркыга караганда жылый баштайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG