Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:52

Британия Украинага Challenger 2 танктарын берерин ырастады


 Challenger 2 үлгүсүндөгү танк.
Challenger 2 үлгүсүндөгү танк.

Британиянын премьер-министри Риши Сунак Украинага Challenger 2 үлгүсүндөгү танктар берилерин бышыктады. Ал бул тууралуу 14-январда украин президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшкөндө билдирди.

“Премьер-министр Британиянын Украинаны колдоосун күчөтүү, анын ичинде Challenger 2 танктарын, дагы кошумча артиллериялык система берүү жолдору аркылуу чыңдоо аракеттерин белгиледи”,-деп жазылган британ өкмөтү тараткан маалыматта.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Твиттердеги барагы аркылуу Сунакка ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бул чечим “Украинаны майданда эле күчтүү кылбастан башка өнөктөштөргө дагы туура белги болорун” жазды.

Мунун алдында, 11-январда Польшанын президенти Анжей Дуда эл аралык коалициянын алкагында Украинага Германиядан чыгарылган Leopard 2 танкынын бир ротасын жөнөтүүгө даяр экенин билдирген.

Ушул айдын башында француз президенти Эммануэл Макрон Париж Киевге AMX-10 RC маркасындагы дөңгөлөктүү танктарды, Bastion үлгүсүндөгү чопкутталган жолтандабастарды берерин маалымдаган.

Украина көптөн бери батыш өлкөлөрүнөн орус армиясына каршы туруу үчүн танк сурап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG