Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

Бишкек: Ала-Арча суусунун жээктери тазаланып жатат


Ала-Арча дарыясындагы тазалоо иштери. 30-январь, 2018-жыл.
Ала-Арча дарыясындагы тазалоо иштери. 30-январь, 2018-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарын аралап өткөн Ала-Арча суусунун жээктерин муздан тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Ала-Арчанын нугунда муз тоңуп, дарыянын дэңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу пайда болгон. 13-январдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен инженердик техника тартылып, мэрия менен бирге дарыянын нугун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, атайын чатыр тигилип, кызматкерлер суу каптап кетүү коркунучун 24 саат бою көзөмөлгө алып жатат",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин кышында Ала-Арча дарыясы ташып, турак жайларды суу каптаган учурлар болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG