Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Баш прокурордун биринчи орун басары алмашты


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Баш прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматов кызматтан алынды. Анын ордуна Улукбек Султанов баш прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгону 17-январда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Буга чейин президенттин администрациясы Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышына байланыштуу прокуратура органынын беш жетекчисин кызматтан алууну сунуштаган.

Андагы маалыматта Сузак районунда милиция кызматкерлеринин кармалышынан кийин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жумушчу топ түзүлүп, текшерүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.

Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура органдарынын айрым жетекчилеринин мыйзам бузганы, тергөө жана ыкчам издөө иштерине талаптагыдай көзөмөл кылбаганы аныкталган.

Буга байланыштуу баш прокурордун биринчи орун басары Абай Молдокматовду, Жалал-Абад облусунун прокурору Алмаз Киязовду жана анын орун басары Заирбек Тойчубаевди, Сузак районунун прокурору Бакытбек Сыдыгалиев жана орун басары Т. Кенжебаевди кызматтан бошотуу сунушу берилген.

27-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Сузак райондук милициясынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери кармалганын маалымдаган. Алар оор кылмышты жашырууга шек саналып, Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кармалганы айтылган.

28-декабрда Ички иштер министрлиги Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы алмашканын, Жеңиш Абитов жаңы жетекчи болгонун билдирген. (TAb)

XS
SM
MD
LG