Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Өкмөт милдеттүү медициналык камсыздандыруудан кошумча 8 млрд. сом табууну көздөп жатат


Кыргызстандагы ооруканалардын бириндеги лаборатория. Иллюстрация.
Кыргызстандагы ооруканалардын бириндеги лаборатория. Иллюстрация.

Министрлер кабинети чет элдик жарандарды жана кыргызстандыктарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттендирүүнү сунуштоодо. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 18-январдагы жыйынында каралды. Өкмөт мындан кошумча 8 млрд. сом табууну коздөп жатканын фонддун төрагасы Азамат Муканов билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстанга кыска убакытка келип-кеткен чет элдик жарандарга дагы медициналык камсыздандыруу полисин сатып алуу каралууда.

"Биздин маалымат боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстанда 64 миң чет элдик студенттер билим алат. Чет элдик жарандарга, анын ичинде студенттерге дагы тариф 18 миң 105 сом деп белгиленген. Мындан мамлекетке 1 млрд. сомдон ашык каражат түшөт. Биздин жарандар бир жылга 1,5 миң сомго полис сатып алса, андан 2 миллиарддан ашык сом түшөт деп болжолдоп жатабыз. Мындан сырткары Министрлер кабинети бюджеттен төлөнүп берчү төлөмдү 150 сомго көтөрүүнү убады кылууда. Баш-аягы кошумча 8 млрд. сом деп божомолдоп жатабыз".

Мукановдун айтымында, 2022-жылы кыргызстандык жана чет элдик жарандар өз ыктыяры менен 14 млн. сомдук полис сатып алышкан. Полиси бар жарандарга медициналык жардам алууда жеңилдиктер каралат.

Айрым депутаттар полис сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок жарандардын шартын карап чыгууну сунушташты.

Буга чейин финансы министри Алмаз Бакетаев бюджеттин чыгымдарын тизмектеп, 2023-жылы милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 21,9 млрд. сом каралып жатканын белгилеген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG