Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:33

Депутат Бишкектеги ыштан улам өзгөчө кырдаал жарыялоону сунуштады


Бишкек.
Бишкек.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Бишкекте ыштын деңгээлин текшерип, өзгөчө кырдаал жарыялоону сунуштады. Ал бул тууралуу парламенттин 18-январдагы жыйынында айтты.

"Азыр биз ыштын арасында жашап жатабыз. Мен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерине кайрылам, борборду текшерип, сыноодон өткөрүп, керек болсо өзгөчө кырдаал киргизиш керек. Дүйнө жүзүндө ушундай, унчукпай, жаман болду деп карап отурбай тез арада киргизиш керек. Уу жыттап, баарынын башы айланып жатат. Кытайда, Бээжинде кызгылтым зона деп, шаарды жапканга чейин барчу. Беткап таккыла деп сунуштап, үч-төрт жыл күрөшкөндөн кийин бул маселе чечилип, асман көрүнүп калды. Демек адамдын колунан келет экен", - деди Масалиев.

Мындай сунушту "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров да колдоп, тез арада Бишкекте өзгөчө кырдаал киргизүү зарылдыгын айтты. Эл өкүлү шаарда түтүндөн дем алууга мүмкүн болбой калганын, мунун кесепети жаман экенин дарыгерлер дагы эскертип жатканын айтты.

Депутаттын сунушу боюнча өкмөттүн тийиштүү мекемелерине тапшырма берилди.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингин чыгарган World Air Quality уюмунун 18-январга карата индексинде Бишкек биринчи сапка чыкты. Абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү кооптуу көрсөткүчкө жеткен. Бишкектин кийинки беш орунда Пакистандын Лахор шаары, Индиянын Мумбай, Бангладештин Дакка шаарлары турат. Абанын сапатына жараша тизме улам өзгөрүп турат.

Бишкек жана Ош шаарларында акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Айрыкча күз-кыш мезгилинде, жылытуу сезону башталганда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG