Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

2023-жылдын аягына чейин ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилди


Кыргызстандагы ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы ишканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстанда 2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкерлик чарбаларды текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.

Укук коргоо жана башка ыйгарым укуктуу органдар саналуу учурлардан башка учурларда бизнес субъектилерин текшере албайт.

Маселен, кылмыш ишин иликтөө жана жарандык соттук өндүрүштүн алкагында, мыйзамдарга байланыштуу ишкерлерге даттануу түшкөн маалда текшерүү уданат. Башка өлкөлөрдүн суроо-талаптары, жеке адамдардан жана юридикалык жактардын арызына байланыштуу, отун-энергетикалык мыйзамдардын аткарылышы боюнча да текшерүү токтобойт.

Мындан тышкары бажы көзөмөлүндө турган товарларды кароо, күйүүчү-майлоочу майлардын сапатын көзөмөлдөө, кен иштетүү талаптарынын аткарылышын тактоо, социалдык маанилүү товарлардын бааларын жөнгө салуу, санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн текшерүүлөргө тыюу салынган жок.

Министрлик тараткан билдирүүдө мындай чектөө ишкердик чарбаларынын экономикалык ишмердүүлүгүн колдоо, аларды укуктук коргоону камсыздоо, ашыкча текшерүүлөрдү азайтуу максатында киргизилип жатканы белгиленет. Мекеме эгер негизсиз текшерүүлөр болсо ишкерлерди төмөнкү номурларга кайрылууга чакырат.

Экономика жана коммерция министрлиги — (0312) 620535 (кошумча 260);

Башкы прокуратура — (0312) 88-90-33, (0500) 19-20-54;

Бизнес-Акыйкатчы институту — (0222) 911 330, (0312) 979 717.

Кыргызстандын өкмөтү 2020-жылы мартта коронавирус пандемиясы башталганына байланыштуу ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизген болчу. Кийин ал узартылып жатып, 2022-жылдын 1-январына чейин күчүндө турду.

2023-жылдын аягына чейин ишкерлик чарбаларды текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылдын ноябрь айында кол койгон. Айрым депутаттар текшерүүлөрдү биротоло беш жылга чейин токтотууну сунушташкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG