Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Еврокеңештин төрагасы Украинага танктарды жиберүүнү колдорун айтты


Европа Кеңешинин президенти Шарл Мишел Украинанын орус күчтөрү кыйраткан шаарында.
Европа Кеңешинин президенти Шарл Мишел Украинанын орус күчтөрү кыйраткан шаарында.

18-январда Европа Кеңешинин президенти Шарл Мишел Орусиянын кол салуусуна туруштук берүү үчүн Батыш Украинага чукул арада танктарды бериши зарыл экенин белгиледи.

"Бир жыл бою Орусия украин элин баш ийдирүү үчүн кыйратуунун, террордун стратегиясын жүргүздү», - деди Мишел. Украиндер каршылык көрсөтүп жатат. Андыктан биз, Европа Биримдиги аларга канча жардам керек болсо ошончо колдоону улантабыз. Аларга чукул арада көбүрөөк жабдык керек. Мен Украинага танктарды жеткирүүнү колдойм", - деди Еврокеңештин төрагасы.

Украинанын президенти Владимир Зеленский апта башындагы кайрылуусунда "фронттогу кырдаал курал-жарак менен камсыздоодо токтоосуз чечимдерди талап кыларын" айткан.

16-январда Британия Киевге 14 Challenger 2 танкы жана башка курал-жабдык берилерин бышыктады.

Германия басым алдында Leopard 2 танктарын берүүгө көнүп, бирок Киевдин союздаштары, анын ичинде АКШ менен макулдашуу болгондо гана жиберилерин билдирди.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жума күнү Германияда украиндерге көмөк көрсөткөн союздаштар менен жолукмакчы. Ал ортодо америкалыктар жиберген согуштук техника Даниянын Архус портуна дүйшөмбүдө келгени маалым болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG