Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:14

Майлуу-Суунун жылуулук тармагындагы авария боюнча кылмыш иши козголду


Майлуу-Суу, 18-январь, 2023-жыл
Майлуу-Суу, 18-январь, 2023-жыл

Катуу суукта Майлуу-Суу шаарындагы от казандардын иштен чыгышына алып келген авария боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 18-январда шаар тургундары менен жолуккан учурда билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Жапаров авариянын себептери дыкат иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартыларын айткан.

Жылуулук тармактарындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, калкты жылуулук жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алган. Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү жана суу жылыткычтарды берүү үчүн үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзүүнү тапшырды.

" Биз жылуулук жана суу берүүнү тез арада калыбына келтирүүгө болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Кошумча трансформаторлор орнотулуп, суу кезеги менен ар бир үйгө жеткирилип жатат. Кырсыктын келип чыгуу себептери дыкат иликтенет. Прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жоопко тартылат", - деди Жапаров эл менен жолуккан учурда.

Министрлер кабинетинин башчысы оңдоо иштерине бюджеттен 20 млн. сом бөлүнөрүн кошумчалады.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы авария боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын "Азаттыкка" ырастады. Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин негизинде ("Шалаакылык") козголгон.

Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга өзгөчө кырдаал жарыяланган.

17-январга карата эки отказандын иши калыбына келтирилген.

Жогорку Кеңештин депутаттары шаршембидеги жыйында Майлуу-Суудагы отказандардын тоңуп калган себептерин, күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн комиссия түзүүнү сунуш кылышты. (КЕ/ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG