Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

ККМ аппараттарын колдонгон ишкерлер жыл ичинде үч эсе көбөйдү


Көзөмөл-кассалык машиналардын (ККМ) бир үлгүсү. Иллюстрациялык сүрөт.
Көзөмөл-кассалык машиналардын (ККМ) бир үлгүсү. Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылы Көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны үч эсеге көбөйүп, учурда 65 миң 422 субъектти түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Мекемеден билдиришкендей, буга салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чаралары жана ишкерлерге 10 миңден ашык гибриддик ККМди бекер таратуу себеп болду.

Аталган нерсени өнүктүрүүгө мындан сырткары Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы да оң таасирин тийгизди. Акциянын жүрүшүндө жарандар товарларды сатып алууда, жумуштарды жана кызматтарды пайдаланууда кассалык чектерди активдүү талап кыла башташты.

Мамлекеттик салык кызматы ККМ менен иштөөгө милдеттүү болгон ишкерлерге кассалык аппараттарды орнотуу боюнча иш 2023-жылы да улантыларын билдирди. Мекеменин эсеби боюнча, ККМ колдонушу зарыл болгон ишкерлердин саны 100 миңдин тегерегинде.

Салык кызматы быйыл 1-мартта фискалдык модул менен иштөө функциясы жок ККМди колдонуу мөөнөтү аяктай турганын эскертип, ишкерлери аны жаңылап алууга чакырат.

Салык чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканы жоюу максатында өкмөт ККМ талап кылууга былтыр киришкен. Буга каршы ишкерлер республиканын көпчүлүк аймактарында нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG