Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Давос: БУУнун баш катчысы Гутерриш дүйнө "кайгыга батып турганын" айтты


Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш

Давосто өтүп жаткан глобалдык экономикалык форумда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш “дүйнө климаттын өзгөрүүсүнөн тарта Украинада Орусия ачкан согушка чейин чырмалышкан көйгөйлөрдүн айынан “кайгыга батып турганын” айтты.

Дүйнөлүк лидерлер чогулган жыйындын экинчи күнүндө чыгып сүйлөгөн Гутерриш Давоско миң чакырым жетпеген жерде жүрүп жаткан согуш жакында бүтөрүнө көзү жетпей турганын айтты.

18-январдагы жыйынды форумдун президенти Бөрге Бренде Украинада шаршембиде эртең менен кыйраган тик учактын курмандыктарына аза күтүү менен баштады. Украинанын биринчи айымы Елена Зеленская “дагы бир кайгылуу күн” деп көзүнө жаш алып, форумдун катышуучуларын анын өлкөсүнө жардам берүүгө үндөдү.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин видео кайрылуусу шаршембинин кечине белгиленген. Ага чейин Германиянын канцлери Олаф Шольц чыгып сүйлөйт.

Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте Амстердам АКШ менен Германияга кошулуп, украиндерди алдыңкы Рatriot системасы менен жабдууга жана адистерин даярдыктан өткөрүүгө салым кошорун айтты.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жума күнү Германияда украиндерге көмөк көрсөткөн союздаштар менен жолукмакчы. Ал ортодо америкалыктар жиберген согуштук техника Даниянын Архус портуна дүйшөмбүдө келгени маалым болду.

Быйыл Давос форумуна Орусиянын расмий өкүлдөрү катышкан жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG