Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Орто жана чакан бизнестин электр энергия керектөөсү текшериле баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги кафе-ресторандар, ири соода борборлор жана сауналар электр энергияны уруксат берилген көлөмгө ылайык пайдаланып жаткандыгы текшерилди. "Улуттук энергохолдинг" ишканасынан 18-январда кабарлашкандай, текшерүүнүн жыйынтыгында орто жана кичи бизнестин ээлерине электр энергиясын жылытуу максатында колдонбоо, ал үчүн альтернативдик жылытуу булактарына өтүү жана электр энергиясын үнөмдөө сунушталды.

Маалыматка караганда, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу күз-кыш мезгилинде керектөөнүн өсүшүн басаңдатуу максатында рейддер республика боюнча өткөрүлөт.

Кыргызстанда өткөн аптада быйылкы кыштагы эң суук күндөр болду. 11-январда аба ырайы кескин өзгөрүп, бир нече күн бою өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы -20 градустун тегерегинде, тоолордо -30га чейин жетти.

Буга чейин Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин маалымдаган. Мекеме кезеги менен атайылап өчүрүү жок экенин, чоң көмөк чордондоруна келтирилген күчтү азайтуу иштери жүрүп жатканын айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жер-жерлерде жарык маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын белгилеп, элге ыңгайлуу болуш үчүн анын жадыбалын берүүнү сураган.

Кыргызстандыктар ар кайсы аймактарда жарык маал-маалы менен өчүп жатканын социалдык тармактарда жазууда. Айрымдары өзгөчө ири шаарлар Бишкек, Ошто электр энергиясынын ар кайсы убакта өчүрүлгөнүнө нааразылык айтып жатышат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG