Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

Кыргызстан АКШ менен жаңы келишимди даярдоо иши уланып жатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Кошмо Штаттардын кызматташтыгы тууралуу жаңы келишимди даярдоо процесси уланып жатканын, талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бар экенин 19-январда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди:

“Иш жүрүүдө. Техникалык мүнөздөгү талкуулоону талап кылган бир катар маселелер болгон. Биз өзүбүздүн пикирибизди жөнөткөнбүз. Каралып жатат. Даяр болгондо, албетте, илгерилетебиз. Азырынча “бүгүн-эртең же быйылкы жыл ичинде” деп так датасын айта албайм. Келишимдин биздин да, алардын да кызыкчылыктарына жооп бере турган деталдары макулдашылгандан кийин гана кол коюлат. Келишим эки өлкөнүн тең кызыкчылыктарына жооп бергидей болушу зарыл. Азырынча иш жүрүп жатат”.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Былтыр май айында АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келгенде кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулаганын “Азаттыкка” айтып берип, "Биз келишимди даярдадык жана ага болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз” деп айткан.

Ошол эле жылдын октябрь айында “Азаттыкка” курган маегинде АКШнын мамлекеттик катчысынын коомчулук менен байланыш маселелери боюнча жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Трюдо келишим боюнча сүйлөшүулөр тууралуу “АКШ Кыргызстанды эң күчтүү өнөктөш катары көрөт. Биз бул сүйлөшүүлөрдү улантууга даярбыз. Ар бир суверендүү өлкө өз өнөктөшүн өзү тандай алат. Кыргызстан да өз өнөктөшүн тандай алат. АКШ ошол өнөктөшү болууга даяр”, - деген. (RK)

XS
SM
MD
LG