Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Бишкектин Батыш автобекетиндеги өрт өчүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

19-январда Бишкек шаарындагы Батыш автобекетинде ири өрт өчүрүлдү.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тилсиз жоо таңкы саат 6га жакын чектөөгө алынып, саат 9га чукул толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.

Буга чейин аталган министрлик аймактарда өрт, үйдү жылытуу коопсуздугун сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип жаткан.


15-январда Орто-Сай базарында өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2022-жылдын 11 айында 2779 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 26 адам каза тапканын билдирген. Тилсиз жоо алып келген чыгым 3 миллиард сомду түзгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG