Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Оштогу киши өлтүрүүгө байланыштуу алтынчы шектүү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында адам өлтүрүүгө шек саналып издөөдө жүргөн дагы бир жаран кармалды. Дагы үчөө изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, 13-январда Ошто адам өлүмүнө алып келген окуяга байланыштуу беш киши кармалып, камалган. Алардын арасында "Женго" каймана аты менен таанымал, буга чейин дагы оор беренелерге айыпталып, бир нече жолу соттолгон Кадыр Досонов бар.

Бүгүн Жогорку Кеңеш калкты жылуулук, электр энергиясы жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча тийиштүү министрлердин маалыматын угуп жатат. Соңку учурда катталган окуяларга байланыштуу ИИМдин жетекчилиги дагы чакырылган.

13-январда Ош шаарында белгисиз бирөөлөр бир кишини арматура менен койгулап жатканы тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жаратты. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бир киши катуу жабыркаганы маалым болду. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG