Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:42

ИИМ: Кылмышка даярданыш үчүн спорт менен машыккандар да бар, клубдардын эсебин ала баштадык


ИИМ имараты.
ИИМ имараты.

Кыргызстанда милиция спорттук клубдардын эсебин ала баштаганын бүгүн 19-январда Жогорку Кеңеште ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Депутат Эмил Жамгырчиевдин адам өлүмү менен коштолгон соңку окуялардан кийин спортчулардын атына да көлөкө түшүп жатканы тууралуу суроосуна жооп берген Абдиев спорттук клубдардын ээлери жана аларда машыккандар менен түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын, арасында күчтөнүп алып кылмышка барууну көздөгөндөр да жок эмес экенин билдирди:

“Биз ошол себептен бардык спорттук клубдардын ээлери жана катышкан балдар менен иш алып баруудабыз. Ош жана Жалал-Абад боюнча эле балдар мушташ, бокс менен алектенген 151 клуб бар экен. Кээ бирлери өзүнүн ден соолугун чыңоо максатында барса, өкүнүчтүүсү, айрымдары күчтөнүп алып, кылмышка даярданып жүргөн да жаш балдар бар. Мен биздин спортчуларга, спорт залдарынын ээлерине эч кандай шек келтиргим келбейт. Бирок машыктыруучулардан да суранып кетет элем – келген жаш балдардын жүрүм-турумун карап, акыл-насаатын айтып, спортту туубузду көтөрүп, мелдештерде утуп келүү үчүн колдонгула, муну кылмышка колдонуу болбойт деп таалим-тарбия берсе бизге чоң жардам болот эле”.

13-январда Ош шаарында бир топ адам топтолуп турган, алардын бирин арматура менен аёосуз сабап жатышкан видео тараган. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бири катуу жабыркаганы маалым болгон. Шаардык милиция адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталгандар кармалганын билдирген, алардын айрымдары спорт чөйрөсүндөгү жаштар экени аныкталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG