Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Украинанын чыгышында катуу кармаш уланууда


Майдандагы украин жоокери
Майдандагы украин жоокери

Украин армиясы өлкө чыгышында орус күчтөрүнүн тынымсыз чабуулдарына каршылык көрсөтүп, айыгышкан кармаш уланууда. Президент Владимир Зеленский кырдаал “оор” экенин айтып, Батыштагы союздаштардан заманбап оор курал-жабдык, анын ичинде танктарды берүүнү тездетүүнү суранды.

19-январда АКШнын коргоо министи Ллойд Остин Лондонго сапар алды, ал британ баш калаасында Украинага немистердин танктарын берүүнү сүйлөшмөкчү. Еврокеңештин президенти Шарл Мишел дагы бейшембиде Киевге барарын айткан.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы күнүмдүк баяндамасында Луганск жана Донецк облустарынын 14 калктуу пунктунда орус күчтөрүнүн ондогон чабуулунун мизин кайтарылганын билдирди. Белогоровка, Бахмут, Соледар жана Авдеевка катуу соккуга кабылды. Аскерлер чек арада орус жана беларус күчтөрүнүн кыймылына көз салып жатканын, бирок кол салуу аракеттери байкалбаганын билдирди.

18-январда Швейцариянын Давос шаарына чогулган дүйнөлүк лидерлерге президент Зеленский видео кайрылуу жасап, Батыштын танктары менен абадан коргонуу системасы канчалык чукул арада келсе, ошончолук Орусиянын чабуулдарынын мизин кайтарууга болорун белгиледи.

Зеленский Украинанын союздаштары Орусияга каршы турууда “чечкинсиз” болгонун белгилеп, акыры туура тандоо жасайт деген ишенимин айтты.

Украин делегациясы менен Давоско келген Киевдин мэри Виталий Кличко дагы форумда сүйлөп, 20-январда Германияда өтчү жолугушууда Украинага жаңы курал-жарак берүү “оң жагына чечилет деген ишарат бардыгын” айтты.

Быйыл Давос форумуна Орусиянын расмий өкүлдөрү катышкан жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG