Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

"Муслим" турак жай кооперативинин жетекчисине кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында "Муслим" турак жай кооперативинин жетекчисине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, декабрь айынан тартып аталган кооперативдин жетекчисинин үстүнөн сегиз арыз түшкөн. Арыздардын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

"Арыз ээлери аталган кооперативдин негиздөөчүсү А.А. аттуу аял бир нече жаранга үй жана машина алып берүү убадасын аткарбай келатканын айтышкан. Мисалы, Т.Б. аттуу жаран үй алуу үчүн 1,6 млн. сом берсе, С.М. аттуу жаран автомашинага деп 210 миӊ сом бергендигин арыздарында билдиришкен. Бүгүнкү күндө ушундай мазмундагы 8 арыз түшкөн. Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам маалыматтарына караганда жабырлануучулар мындан бир нечеге көп жана алар Ош шаарынан гана эмес, республиканын башка аймактарында да бар болушу мүмкүн", - деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда турак жай кооперативине алданганын айтып, милицияга кайрылгандардын арызынын негизинде 963 кылмыш иши козголду. Алар тарткан материалдык зыяндын жалпы суммасы 833 млн. сом деп эсептелүүдө. Милицияга арыз менен кайрылгандар “Ак үй KG”, “Жилье Грант”, “Элдик Групп”, “Ордо-Мурас”, “Финико”, “S-LINE”, “Ихсан Групп ЛТД”, “Биринчи турак жай кооперативи”, “Ансар”, “Ипотека” деген 10 турак жай кооперативине нааразылыгын билдирип жатышат.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Алардын саны 70тин тегерегинде экени бейрасмий айтылып келет. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик “каржылык пирамиданын” элементтерине окшош экенин эскерткен.

Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар да бир топ экени айтылууда. (KЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG