Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Энергетика министрлиги жарыкты өчүрүү графигин жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министрлиги электр жарыгын өчүрүүнүн графигин жарыялады. Ага ылайык, жарык ар кайсы аймактарда эки сааттан өчүрүлүп турат.

Кыргызстандыктар ар кайсы аймактарда жарык маал-маалы менен өчүп жатканын социалдык тармактарда жазууда. Айрымдары өзгөчө ири шаарлар Бишкек, Ошто электр энергиясынын ар кайсы убакта өчүрүлгөнү жүдөтүп жатканын белгилешкен.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 18-январдагы жыйынында элге ыңгайлуу болуш үчүн жарыкты өчүрүүнүн графигин берүүнү сураган.

Кыргызстанда өткөн аптада быйылкы кыш башталгандан бери эң суук күндөр болду. 11-январда аба ырайы кескин өзгөрүп, бир нече күн бою өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы -20 градустун тегерегинде, тоолордо -30га чейин жетти.

Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин маалымдаган.

Министр Таалайбек Ибраев 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында аба ырайы жылыганга чейин жарык өчүрүлөрүн депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG