Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

Беларус соту “Радыё Свабоданын” журналистинин жубайын эки жылга кести  


Дарья жана Игорь Лосик кызы менен.
Дарья жана Игорь Лосик кызы менен.

Беларуста “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун беларус кызматы – “Радыё Свабоданын” журналисти Игорь Лосиктин жубайы Дарья Лосикти эки жылга кесилди.

19-январда Брест облустук сотунун судьясы Микалай Григарович өкүмдү окуп, прокурор сураган жазаны чегерди.

Прокуратура Лосиктин беларус бийлигинин “кара тизмесиндеги” польшалык «Белсат» телеканалына берген интервьюсун "экстремисттик" деп таап, эки жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн.

“Лосик кылмыш ишин иликтөө жана укук коргоо ишмердигин жүргүзгөн мамлекеттик органдарга негативдүү баа берген. Ал күйөөсү эч кандай кылмыш кылбаганын жана мыйзамсыз соттолгонун айткан. Башка соттолгондордун жакындарын да кошо үндөгөн”, – деп айтылат тергөөнүн версиясында.

Дарья Лосик былтыр октябрда өз үйүндө кармалган. Анын төрт жашар кызы Паулина чоң ата, чоң энесинин колунда калды.

Блогер Игорь Лосик 2021-жылы декабрда 15 жылга кесилген. Телеграмдагы популярдуу каналы бар журналистке "коомдук тартипке шек келтире турган аракеттерге даярданган" деген сыяктуу үч айып тагылган. Лосик мындай айыптардын баарын четке каккан.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай сот өкүмүнүн алдында билдирүү таратып, Лукашенконун режимин Лосикке жана башка журналисттерге каршы катаал мамилени токтотууга чакырган.

2020-жылкы талаштуу шайлоодон бери Беларуста бийликке каршы демонстрацияга чыккан он миңдеген киши кармалган. Укук коргоочулар камакка алынган 800дөй кишини саясий туткун деп тааныган.

XS
SM
MD
LG