Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Лондон соту уйгур активисттердин арызын четке какты


Кытайдын Шинжаң аймагындагы кайра тарбиялоочу лагердин имараты
Кытайдын Шинжаң аймагындагы кайра тарбиялоочу лагердин имараты

20-январда Лондондун соту уйгурлардын укугун коргогон уюмдун арызын четке какты. “Уйгурлардын дүйнөлүк конгресси” (УДК) деп аталган бозгундагы активисттердин уюму британ өкмөтүн Кытайдын Шинжаң аймагынан импорттолгон пахтаны иликтей албай койгону үчүн сотко берген.

Судья Ян Дав чыгарган сот чечиминде «Иште Шинжаң Уйгур автоном районундагы пахта өндүрүшүндө ачык жана кеңири жайылган зордук-зомбулукту далилдөөгө айныксыз байланыш жоктугун» жүйө келтирген.

УДК Британиянын Ички иштер министрлигин, салык жана бажы кызматтарын, Кылмыштуулукка каршы улуттук агенттигин сотко берген. Юристтер британ өкмөтү Кытайдын түрмөлөрүндө өндүрүлгөн товардын төркүнүн иликтөөдөн "жаңылыш баш тарткан" деп санашат. Алар "Кытайдан экспорттолгон пахтанын 85% Шинжаңда өстүрүлөт. Андыктан саясий тартбия берүүчү лагерлерде отургандарды мажбурлап пахтага салуу Шинжаңдын саясаты" деп арызданышкан.

Сотто Британиянын Ички иштер министрлигинин, Кылмыштуулукка каршы агенттиктин юристтери "кайсы бир товардын тигил же бул кылмыш" менен түздөн түз байланышын далилдеп, анын башка бир өлкөнүн түрмөсүндө өндүрүлгөнүн аныктоо зарыл экенин белгилешкен.

Укук коргоочулар Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын сындап, уйгурлар, казактар, кыргыздар сыяктуу мусулман калкын жапырт саясий тарбиялоочу лагерлерге камап жатканын сындашат. Бээжин андай айыпты кескин четке кагып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG