Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

УКМКнын Оштогу башкармалыгынын кызматкери пара алууга шек саналып кармалганы кабарланууда


Оштогу УКМКнын бөлүмү. 20-январь, 2023-жыл.
Оштогу УКМКнын бөлүмү. 20-январь, 2023-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Оштогу башкармалыгынын кызматкери ири өлчөмдө пара талап кылууга шек саналып кармалганы кабарланууда.

Бул тууралуу "Азаттыкка" прокуратура органдарындагы өздүк булактар кабарлады. Маалыматка караганда, тергөөнү Башкы прокуратура жүргүзүүдө.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын "Азаттыкка" билдирди. УКМК жооп бере элек.

Айрым маалымат каражаттары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын 20дай кызматкери (спецназ) УКМКнын Оштогу башкармалыгына кирип барып, кармоолор орун алып жатканын жазышкан. Маалыматта Атайын кызматтын имаратынын алдында эки органдын кызматкерлери ортосунда мушташ чыкканы жазылган. Бул маалыматты азырынча ИИМ дагы, УКМК дагы ырастай элек.

Быйыл 2-январда Ош шаарындагы Sky Bar жайында УКМКнын айрым кызматкерлери катышкан мушташ катталган. Бул окуяны Атайын кызматтын Жеке коопсуздук кызматы териштирип чыгып, ага тиешеси бар кызматкерлерди “коомдук тартипти бузганы үчүн” жана “улуттук коопсуздук органдары деген жогорку наамга шек келтиргени үчүн” деген негизде иштен кетирген.

Түнкү клубда УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы тобунун офицери менен Бажы кызматынын кызматкери бирөөлөрдү токмоктоду деген окуяны Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Окуяда жабыркаган тараптан арыз түшпөгөнүн билдирген Ош шаардык милициясы топтолгон видео далилдердин негизинде алдын ала териштирип, кылмыш ишин козгоо үчүн материалдарды Аскер прокуратурасына өткөрүп бергенин маалымдаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG