Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Аба ырайы: Күн ачык болот


Чүй облусу. Январь, 2023-жыл.
Чүй облусу. Январь, 2023-жыл.

23-январда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7;

Таласта түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…+5;

Нарын аймагында түнкүсүн -22…-27, күндүз -9…-14;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33, күндүз -8…-13 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16°, күндүз -4…-6° суук болушу күтүлөт. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG