Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Чүйдө 38 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып чогуу жашаган киши кармалды


Кыргызстандагы зомбулукка каршы акциялардын бири.
Кыргызстандагы зомбулукка каршы акциялардын бири.

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 23-январда 1985-жылкы келин киши колдуу болду.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында болгон. Бычакталган келин "тез жардам" жеткиче үйүндө жан берген. Кылмыш иши козголуп, Жазык кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча териштирүү башталды.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары келин менен чогуу жашаган 36 жаштагы адамды кармады. Ал спирттик ичимдик ичип отуруп, маркум менен уруша кетип бычактап өлтүргөнүн билдирген.

Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө акыркы эки жылда жайырмага жакын аял күйөөсүнүн же чогуу жашаган кишинин колунан мерт болгон.

Жыл сайын он миңдей аял күйөөсү, же чогуу жашаган эркектен зомбулук көрүп, укук коргоо органдарына кайрылат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG