Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Берлин немис өндүрүшүндөгү танктарды Украинага берүүгө даяр экенин билдирди


Анналена Бербок.
Анналена Бербок.

Германия Польша колдонуп жаткан немис өндүрүшүндөгү "Леопард-2" танктарын Украинага жардам катары жөнөтүүгө уруксат берүүгө даяр. Бул тууралуу Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок билдирди.

"Эгер тиешелүү өтүнүч менен бизге кайрылышса уруксат берүүгө даярбыз. Ал танктар азыр канчалык маанилүү экенин билебиз, ошондуктан өнөктөштөрүбүз менен бул маселени талкуулап жатабыз. Биз адамдардын өмүрү сакталып, Украинанын аймагы бошотулгандай кылышыбыз керек", – деди Бербок франциялык LCI каналына берген маегинде.

Буга чейин Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Германия өз өндүрүшүндөгү танктарды Киевге берүүдөн баш тартса да Варшава аларды жөнөтө турганын билдирген.

"Биз Украинанын талкаланып жатканын көрүп, кол куушуруп отура албайбыз", – деп жазган ал Твиттерге.

Ага чейин Франциянын президенти Эммануэл Макрон Украинага "Леклерк" аттуу француз танктары берилиши мүмкүндүгүн айткан. Мурдараак Улуу Британия Киевге "Челленжер-2" оор танктарын жөнөтөрүн жарыялаган.

20-январда Рамштайн аскердик базасында өткөн жыйында Германиянын өкүлү азырынча "Леопард" танктарын Украинага берүү боюнча чечим кабыл алына электигин билдирген. Киев бул танктар Украинанын Орусия басып алган аймактарын бошотуу үчүн өтө маанилүү экенин айтып келет.

DPA агенттиги белгилегендей, Берлин бүгүнкү күнгө чейин башка өлкөлөргө, анын ичинде Польшага немис танктарын реэкспорт кылууга уруксат берген эмес. Германияда Украинага мындай кубаттуу курал-жаракты берүү – Орусияны ракеталык чабуулдарын азыркыдан да күчөтүүгө түртүп, согушту курчутушу мүмкүн деген тынчсыздануулар айтылган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG