Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:20

Милиция Ала-Букада алтын казууга аракет кылгандар кармалганын билдирди


Ала-Бука районунун кире бериши.
Ала-Бука районунун кире бериши.

Ала-Бука районунда мыйзамсыз алтын казууга аракет кылган беш жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 24-январда билдирди.

Маалыматка караганда, 20-январда кен казган фирмалардын биринин күзөтчүсү милицияга кайрылып, таңкы саат 4тө ишкананын аймагына кирип келген жарандар кармалганын айткан.

Кийин кен казуучу ишкананын өкүлү милицияга арыз менен кайрылып, кармалган жарандарга чара көрүүнү суранган. Бул окуя боюнча Ала-Бука райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси (Кылмыш жасоого аракеттенүү) жана 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш ишин козгогон.

Анын алкагында Чаткал районунун беш тургуну кармалып, Ала-Бука райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Алардын баш коргоо чарасы Ала-Бука райондук сотунда каралып, баары үй камагына чыгарылган. Учурда кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн башка шериктери бар же жок экендигин тактоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Жалал-Абад облусунда жалпысынан кен казууга 500гө чукул лицензия берилген. Былтыр аймакта алты компания алтын казып жатканы кабарланган. (TAb/TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG