Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

УКМК: Таласта Бекмолдо айыл аймагынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды


УКМК кармалгандар Бекмолдо айыл аймагынын башчысы Б.С.С. жана «Календер-Курулуштун» башчысы И.М.А. экенин маалымдады.
УКМК кармалгандар Бекмолдо айыл аймагынын башчысы Б.С.С. жана «Календер-Курулуштун» башчысы И.М.А. экенин маалымдады.

Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын башчысы жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн акчаны өздөштүрүүдөгү жемкорлукка шектелип кармалганын 25-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Мекеменин маалыматы боюнча, аны менен кошо «Календер-Курулуш» ишканасынын да жетекчиси кармалып, экөө облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

УКМК билдиргендей, алар Бекмолдо айылынын ички жолдорун ашып кетсе 1,5 миллион сомго оңдоп, бирок документтерге 5 миллион сомдон ашык деп көрсөтүшкөн, натыйжада 3,5 миллион сомдук зыян келтиришкен.

«Календер Курулуш» ишканасы материалдар кымбаттап кеткенин айтып, негизги суммага кошумча талап кылып, ишти токтотуп койгону, бирок текшере келгенде анын аткарган жумушу стандартка туура келбегени, баасы кымбат көрсөтүлгөнү аныкталганы, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” деген беренесинин негизинде тергелип жатканы маалымдалды.

Айыпталып жаткан тарап УКМКнын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

Дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун 2021-жылдагы рейтингинде Кыргызстан 144-орунду ээлеген. Бул 2020-жылга караганда 20 баскычка начар болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG