Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Токаев Сенат төрагасы Маулен Ашимбаевди кызматтан алды


Маулен Ашимбаев
Маулен Ашимбаев

24-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Маулен Ашимбаевди Сенат төрагасы кызматынан алды. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

Ашимбаев бул кызматка 2020-жылдын май айында дайындалган. Ал кезде президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан Ашимбаев Сенат төрайымы Дарига Назарбаеванын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин мандат алган.

Токаевдин 24-январдагы жарлыгы менен Маулен Ашимбаев баштаган дагы үч эл өкүлү кайрадан депутат болуп дайындалды. Мындан тышкары тогуз депутаттын ыйгарым укуктары токтотулуп, Сенатка жаңы келген төрт жаран депутаттык мандат алды. Алардын арасында Жогорку соттун мурдагы башчысы Жакип Асанов да бар.

Казакстанда Сенат депутаттарын шайлоо 14-январда өткөн. Анда өлкөнүн 17 облусунан, Астана, Алматы жана Чымкент шаарларынан 20 депутат тандалган. Бул шайлоого жалпысынан 130 жаран талапкерлигин коюп, БШК алардын 55ин каттаган. Сенатка кыйыр шайлоо салттуу түрдө өттү: жаңы эл өкүлдөрүн тандоочулардын тизмесине кирген үч миңден ашык жергиликтүү маслихат депутаттары шайлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG