Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

АКШ Украинага жардам берүү үчүн снаряд өндүрүшүн көбөйтөт


Пентагон артиллериялык снаряддарды өндүрүүнү алты эсеге көбөйтүүнү пландап жатат. Анын олуттуу бөлүгү Украинага жеткирүүгө арналганын The New York Times басылмасы жазды. Журналисттер бул маалыматты АКШнын армиясынын командачылыгынын отчетуна таянып таратууда.

Орусия Украинага басып киргенге чейин АКШнын аскердик заводдору айына 14 400 артиллериялык снаряд чыгарган. Пентагон эки жылдын ичинде өндүрүштү айына 90 000ге чейин көбөйтүүнү көздөөдө. Бул үчүн жеке ишканалар менен тиешелүү келишимдер түзүлгөнү кабарланды.

Мындай сандагы снаряд АКШда Корея согушунан бери чыгарыла элек.

Кеп алыска атуучу гаубицалар үчүн башкарылбаган 155 мм снаряддар жөнүндө болуп жатат. Азыр аны Пентагон менен келишимдин алкагында мамлекеттик алты завод чыгарат.

The New York Times жазгандай, бул заводдордогу жабдуулар эскирген, айрымдары Экинчи дүйнөлүк согуш маалында снаряддарды жасоо үчүн колдонулган. Былтыр ноябрда Пентагон General Dynamics компаниясына Техастагы заводдо жаңы снаряд корпусун өндүрүү линиясын куруу боюнча келишимди тапшырган.

Басылма снаряддарды чыгарууну кескин көбөйтүү чечими АКШ Орусия менен узакка созулган согуш учурунда Украинаны колдоого даяр экенин көрсөтүп турганын белгилейт.

XS
SM
MD
LG