Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Залужный мураска калган 1 миллион долларды армияга берди


Валерий Залужный
Валерий Залужный

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Валерий Залужный январда теги украиналык АКШ жаранынан 1 миллион доллар мурас алды жана аны армиянын эсебине которду. Бул тууралуу New York Times жазды.

Маалыматка ылайык, АКШнын жараны Грегори Степанец Залужныйга 1 миллион доллар мураска калтырган. Бирок Степанецтин Залужный менен кандай байланышы бар экени айтылган эмес.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы Залужный каражатты армиянын эсебине которгонун тастыктады.

New York Times басылмасы Украинанын Улуттук банкына шилтеме жасап жазгандай, өткөн жылы өлкөдөгү компаниялар жана жеке адамдар украин армиясына 22 миллиард гривна (болжол менен 500 миллион доллар) которгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG