Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:18

Украинанын шаарларына орус армиясы ракеталык чабуул койду


Украин шаарларынын биринин метросунда башкалкалаган тургундар.
Украин шаарларынын биринин метросунда башкалкалаган тургундар.

Бейшембиде эртең менен Украинанын бардык аймактарында аба эскертүүлөрү жаңырып, Киев орус күчтөрү түнкү дрондордун чабуулдарына улай ракетадан сокку уруп жатканын эскертти.

Днепропетровск, Киев, Одесса жана Винница облустарында жарылуулар болгону кабарланды. Киев шаар мэри Виталий Кличко уркаин баш калаасында да жарылуулар болгонун билдирип, элге эшикке чыкпай турууну эскертти.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрүнүн жетекчилиги Орусиянын ракеталарын атып түшүргөнүн билдирди. Бирок бул маалыматты азырынча башка булактар бышыктай элек.

Энергетикалык жайларга сокку урулганы тууралуу маалымат тарап жатат. Бир катар обулстарда ракеталык чабуулдан чочуп электр жарыгы өчүрүлдү. Одессада, Кривой Рогдо жана башка шаарларда электр энергиясы менен жүргөн транспорт токтоду. Азырынча жабыркагандардын саны айтыла элек.

Медиа каражаттары орус армиясы Каспий деңизинен канаттуу ракеталарды атканын жазышты. Бирок азырынча бул маалыматтын чын-төгүнү аныктала элек.

Орусиянын Коргоо министрлиги жаңы чабуулдары тууралуу комментарий берген жок.

Соңку жолу орус армиясы Украинанын аймагын 14-январда ракетадан аткылаган. Днепр шаарындагы көп кабаттуу үйгө тийген соккудан бери дегенде 40 кишинин өмүрү кыйылган. Москва «Украинанын аскердик башкаруу системасына сокку урулганын» билдирип, эл жашаган конушка ракетта тийгенин танган.

XS
SM
MD
LG