Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Майлуу-Сууда өзгөчө кырдаал уланууда


Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.
Майлуу-Суу шаары. Сүрөт ӨКМдин видеосунан алынды.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 1234 абонентти тейлеген №1 откана 99%, 198 абонент караган №4 откана 100% жылуулук берип иштеп жатат. Ал эми №3 отканага караштуу 375 абоненттин 185ине жылуулук берилди.

15 чакырым аралыкта суу агымы калыбына келтирилип, шаардын таза суусуз калган 5 миң түтүнүнүн 35% суу менен камсыз болду.

Сууктан улам суу өтүүчү түтүктөр тоңуп, жылуулук берүү системасы иштебей калганына байланыштуу Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал жарыяланганын ӨКМ 13-январда билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, таза суу сакталуучу резервуардын түтүктөрү тоңуп калып, 12-январда шаарды суу менен камсыздоо үзгүлтүккө учураган. Суунун жоктугунан №1, №3 жана №4 отканалардын иши токтогон.

Кыргызстанда 11-январда аба ырайы кескин сууктап, быйылкы кыш башталгандан бери эң суук күндөр болгон. Жалал-Абад облусунда абанын температурасы түнкүсүн 20 градуска чейин суук болуп жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG