Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Абактагы саясатчы Жээнбеков саламаттыгы начарлаганын билдирди


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган саясатчы Равшан Жээнбеков саламаттыгы кескин начарлап кеткенин билдирип, башкы прокурорго, юстиция министрине, Кыйноолордун алдын алуу борборуна жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу жолдоду. Анда анализдердин жыйынтыгында боорунун абалы оорлогону белгилүү болгонун кабарлады.

"Боор боюнча адис дарыгер менен №1 тергөө абагынын дарыгери менин абалымдын оор экенин ырасташты. Дарыгерлер бейтапканага жатып дарыланышым керектигин айтышты. Мен мындан улам Жазаларды аткаруу кызматынын башчысына кайрылдым, бирок төрага менен абактын башкы дарыгери менин квалификациялык дарылануудан өтүү тууралуу өтүнүчүмдү четке кагып жатат. Мен муну кызматтык укуктан аша чабуу деп эсептейм. Сиздерден менин саламаттыгымды текшерүү үчүн эркин дарыгерлерден турган консилиум түзүүгө жана дарыланышыма көмөктөшүүңүздөрдү өтүнөм",- деп жазылган Жээнбековдун кайрылуусунда.

Жазаларды аткаруу кызматы Жээнбековдун кайрылуусу тууралуу комментарий бере элек. Башкы прокуратура дагы азырынча жооп кайтарган жок.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер былтыркы октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат. Шаардык сот аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу ага чейинки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырылды.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG