Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

Бишкек Ташкентке орто ГЭСтерди куруу жаатында кызматташууну сунуштады


Кыргыз-өзбек бизнес форуму, 26-январь, 2023-жыл, Бишкек.
Кыргыз-өзбек бизнес форуму, 26-январь, 2023-жыл, Бишкек.

Бишкекте 26-январда кыргыз-өзбек форумунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коңшу мамлекет менен энергетика жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Ал өзбек компанияларын Кыргызстанда орто жана чакан ГЭСтерди куруу долбоолоруна катышууга чакырды.

"Айлана-чөйрөнүн булганышы жана климаттын өзгөрүшүнө байланышкан глобалдык көйгөйлөрдү эске алуу менен биздин мамлекет "таза" энергетиканы ишке киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыкдар. Биздин өлкө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалына ээ, алардын негизги түрлөрү гидроэнергетика, күн энергиясы, шамал энергиясы жана геотермалдык суу энергиясы болуп саналат. Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул биздин бүтүндөй аймак үчүн материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди алып келе турган долбоорлор".

Акылбек Жапаров эки өлкө Кыргызстандагы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун чогуу курууну макулдашканын белгиледи.

Ушул айдын башында Бишкекте Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун "жол картасына" байланыштуу макулдашууга кол коюшкан.

Бишкек буга чейин "Камбар-Ата-1" ГЭСи салынып бүтсө, "Камбар-Ата-2" ГЭСинин толук иштешине шарт түзүлөрүн билдирген. Энергетиктердин эсебинде, эки ГЭС тең иштесе, жалпы кубаттуулугу 1000 мегаваттка жетет.

Президент Садыр Жапаров бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин айткан.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG