Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Кыргыз-өзбек алакасы: товар жүгүртүүнүн көлөмү былтыр 21% өстү


Бишкектеги Кыргыз-өзбек бизнес форуму, 26-январь, 2023-жыл.
Бишкектеги Кыргыз-өзбек бизнес форуму, 26-январь, 2023-жыл.

26-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте Кыргыз-өзбек бизнес форумунда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү өскөнүн билдирди. Ага ылайык, былтыр 11 айда бул көрсөткүч 543 миллион доллардан ашты.

"Мурдагы жылга салыштырмалуу 21% өстү. Албетте бул стратегиялык өнөктөштөрдүн эки тараптуу соода-сатыгынын чеги эмес. Жакынкы аралыкта биздин өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү миллиарддаган көрсөткүчкө жетет деп үмүттөнөм. Бул жерде эки мамлекеттин ишкерлеринин ролу чоң. Биз өндүрүүчүлөр, соода палаталары жана башка ишкер ассоциациялар ортосундагы байланышты чыңдашыбыз керек. Муну менен катар кызматташуунун натыйжалуу ыкмаларын түзүү, бюрократияны азайтуу, бизнес-чөйрөдөгү түз карым-катнашты өнүктүрүү, товарлардын жана инвестициялардын эркин кыймылын камсыздоо маанилүү",-деди Жапаров.

Бул форум Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкектеги 26-27 январдагы мамлекеттик сапарын утурлай уюштурулду. Бул сапардын алкагында эки өлкөнүн башчылары өз ара алака-катышты талкуулап, чек ара баштаган бир катар документтерге кол коюлары айтылган.

Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүттү. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиян суу сактагычы деп атайт.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакта отурат. Эл аралык коомчулук кыргыз бийлигинин бул аракетин сынга алып, абактагыларды бошотууга чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG