Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:51

Сот камактагы саясатчы Бекназаровдун агасын айыптуу деп тапты


Казымбек Бекназаров сот залында.
Казымбек Бекназаров сот залында.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отурган саясатчы Азимбек Бекназаровдун бир тууган агасы Казымбек Бекназаровду Бишкектин Биринчи Май райондук соту "милициянын мыйзамдуу талабына баш ийген эмес" деген негизде айыпка жыкканын 26-январда "Азаттыкка" соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, чечим 18-январда чыккан, Казымбек Бекназаров күнөөлүү деп табылып, ага мамлекеттин эсебеине 3 миң сом айыппул салынган.

Быйыл 10-январда камактагылардын жакындары, болжол менен жүздөй адам Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына акцияга чыккан. Алар мыйзамдуулукту талап кылган ураандарды айтып турушкан. Көп өтпөй отуз чактысын, арасында улгайган адамдарды Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кармап кетип, кийин кое беришкен.

ИИМ кармоого алар плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун, анын баары мыйзамсыз экенин билдирген жана документтер сотко жөнөтүлөрүн маалымдаган.

Кармалган отуздай демонстранттын бешөөнө (экөөнө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу" деген 139-беренесинин жана үчөөнө "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" деген 128-беренесинин негизинде) протокол түзүлүп, калгандары түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилген.

Бешөөнүн иши сотко өткөн. Алардын арасында активист Казымбек Бекназаровдон тышкары активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтонова, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, активист Адилет Балтабай бар. Адилет Балтабай мурда козголгон ишине байланыштуу бул жолу кармалганда абакка кесилди. Токтонасыровго жана Солтоновага да 3 миң сом айыппул салынган.

Былтыр октябрда Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Баары тең азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды быйылкы жылдын февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. (RK)

XS
SM
MD
LG