Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

ДССУ жөтөл дарысынан чарчап калган балдар өлүмүн иликтейт


Самарканд шаарында сатылган «Док-1 Макс» препараты
Самарканд шаарында сатылган «Док-1 Макс» препараты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) үч өлкөдө жөтөлдү басчу сироп ичип, чарчап калган бери дегенде 300 наристенин өлүмүн иликтейт. Бул тууралуу Reuters агенттиги иштин жагдайын билген атын атабаган булагына таянып кабарлады.

Бөйрөгү сезгенген балдар өлүмгө учураганы 2022-жылдын июлунда Гамбияда катталган. Андан кийин Индонезия жана Өзбекстанда да мындай фактылар чыккан.

ДССУ Индия жана Индонезияда мындай сиропту чыгарган алты компания колдонгон баштапкы заттарды иликтеп жатканы маалым болду. Уюм дарыны өндүргөндөр тууралуу маалымат бербегени менен балдардын бөйрөгүн жабыркатып, өлүмгө жеткирген сироптун курамында диэтиленгликол же уулуу этиленгликол бардыгын текшерет.

Reuters маалымдагандай, ДССУ мындай препаратты Индия жана Индонезияда алты компания чыгарарын билдирген. Бул дарыны өндүргөн компаниялап эмне мүчүлүштүк кетиргени тууралуу комментарий бере элек.

ДССУ мындай сироп Камбожада, Филиппинде, Түндүк Тимордо жана Сенегалда сатылганын билдирет. Ушул тапта дүйнөнүн дагы кайсы жеринде сатылганы иликтенүүдө. Дүйнөлүк уюм бардык өлкөлөрдү жана глобалдык фармацевтикалык өндүрүштү сапатсыз дары-дармек чыгарууну токтотууга чакырды.

Буга чейин Өзбекстанда «Док-1 Макс» препаратын ичкенден кийин 20 бала чарчап калганы ачыкка чыккан. Ушул тапта бир катар тиешелүү мекемелердин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Эльмира Баситханова жабыркаган үй-бүлөлөргө кенемте төлөп берүү жагы каралып жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG