Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Мобилизациядан качкан Орусиянын беш жараны Сеулдагы аэропортто жашап жатат


Сеулдун аэропортторунун бири. Январь, 2023-жыл. Иллюстрация.
Сеулдун аэропортторунун бири. Январь, 2023-жыл. Иллюстрация.

Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизация жарыялагандан кийин өлкөдөн качкан беш орус жараны бир нече айдан бери Түштүк Кореянын башкы аба майданында жашап жатат.

Сеул алардын башпаанек сураган өтүнүчүн былтыр октябрь жана ноябрь айларында четке каккан. Алар азыр аэропортто жашап жатканын CNN телеканалы билдирди.

Түштүк Корея орус жарандарына өлкөгө визасыз кирүүгө уруксат берген, бирок миграция кызматынын өкүлдөрү беш жаранды киргизүүдөн баш тарткан.

Аты-жөнү айтылбаган беш киши Орусиянын кайсы тарабынан келгени белгисиз.

Былтыр сентябрда Орусияда жапырт мобилизация жарыялангандан кийин миңдеген орус жараны башка өлкөлөргө качып чыгышкан. Алардын бир тобу Грузия, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголияга кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG