Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:17

Ош шаарында кыргыз тилин даңазалаган инсталляция орнотулду


Кыргыз тилин даңазалаган инсталляция. Ош шаары. 2023-жыл
Кыргыз тилин даңазалаган инсталляция. Ош шаары. 2023-жыл

Ош шаарындагы "Жеңиш" аянтына белгилүү акын-жазуучулардын мамлекеттик тилди даңазалаган сөздөрү жазылган инсталляция орнотулду. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ачылышында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон мугалимдер сыйланды.

Кыргыз тилин даңазалаган инсталляция “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата орнотулган.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ.

Жарандык коом өлкөдө кыргыз тилине жакшы көңүл бурулбай, мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде жүргүзүлүп, жыйындар орусча өтүп жатканын сындап келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG