Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Астанада ыдыкка жана зомбулукка каршы митинг өттү


Астанада аялдарга ыдык көрсөтүүгө жана зомбулукка каршы митинг өттү. 30-январда цирктин жанына чогулган 50дөй жаран тийишүүнү жана зордук көрсөтүүнү айыптаган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту. Алар кыз-келиндерге ыдык көрсөткөндөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартууну, зомбулук үчүн жазаны катаалдатууну талап кылып жатышат.

Митингди дискриминацияга каршы Myqty.women кыймылы уюштурду. "Азаттыктын" кабарчысы маалымдагандай, аларды полиция кызматкерлери, шаардык акимиатта иштегендер жана "Тез жардам" кызматы көзөмөлдөп турушту.

Казакстанда 2009-жылы кабыл алынган үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзам бир канча жолу өзгөртүлгөн.

2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинен “Сабоо” жана “Атайылап ден соолукка жеңил залал келтирүү” беренелери Административдик кодекске көчүрүлгөн.

2022-жылы жумушчу топ үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Түзөтүүлөр азырынча кабыл алына элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG