Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:54

Орунбеков Баткенде дагы 35 үй ээсине тапшырылганын жазды


Баткендеги жаңы үйлөр.
Баткендеги жаңы үйлөр.

Баткендеги куралдуу кагылышта талкаланаган үйлөрдү калыбына келтирүү уланууда. Бүгүн, 2-февралда дагы 35 үй ээсине тапшырылганын президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Баткендеги куралдуу кагылыштан жабыркаган үйлөрдүн курулушунун аяктоосу жакындап калды. Бүгүн, 2-февралда 35 үй бүтүп, ээлерине тапшырылды. Бир жума ичинде дагы 15 үй даяр болот. Президенттик администрациянын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан үйдүн кожоюндарына 100 миң сомдон акчалай белек тапшырды".

Орунбеков кайсы айылдардагы үйлөр колдонууга берилип жатканын так жаган эмес.Буга чейин, 18-январда Баткенде 45 үйдүн курулушу бүткөрүлүп, ээлерине тапшырылганы кабарланган.

Президент Садыр Жапаров 1-февралда улуттук "Кабар" агенттигине маек куруп, Баткендеги курулуш иштериндеги коррупциялык схемалар тууралуу сын-пикирлерге жооп берген. Ал үй куруудагы жемкорлук тууралуу маалыматтарды "акчадан куру калгандардын маалыматтык чабуулу" деп сыпаттаган.

Ошол эле күнү президенттик администрациянын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бир катар журналисттерди Баткенге курулуш иштерин жеринен көрсөтүү үчүн алып барган.

Баткенди калыбына келтирүү иштерин "Аманат Курулуш Инвест" ишканасы жүргүзүп жатат. Ал компания ар бир үйдү келишимдин негизинде 3 миллион 315 миң сомго куруп жатканы белгилүү болгон.

Былтыр декабрдын этегинде Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар курулуш иштери кечигип жатканын айтышып, аны жүргүзгөн компаниянын ишин сындап чыгышкан.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз абалга келген. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кандуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылган. 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун расмий билдирген. "Озоди" чек арада каза тапкан делген 80 ашуун кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарапта тең каза болгондор арасында балдар бар. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG