Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Путин Батыш өлкөлөрү Украинага танк бергенине жооп кайтарарын айтты


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин Батыш Украинага танк жеткиргени үчүн Москва жооп кайтарарын билдирди. Анын айтымында, "маселе бронетехниканы колдонуу менен бүтпөйт". Путин Сталинград салгылашындагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган кечеде сүйлөп, Орусия кайрадан “жамааттык Батыштын агрессиясына каршы турууга” аргасыз экендигин кошумчалады.

Кремль Украинага берилчү аскердик жардам "жаңжалды ырбатканы менен анын жүрүшүн өзгөртө албайт" деген турумду карманууда.

Киев уруштун бир жылдыгын утурлай Украинанын чыгышында орус күчтөрү чалгын иштерин активдештирип, күчүн топтоп, кеңири масштабдагы чабуулга камынып жатканын жарыялады. Президент Владимир Зеленский кырдаал курч экенин белгиледи.

Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү украин армиясына аскердик техникадан жана коргонууну бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү улантууда. Киев заманбап жабдылган танктарды ала баштады. Азырынча украин бийлиги сураган согуштук учактарды, истребителдерди берүүгө келгенде өнөктөштөр ортосунда орток пикир жок.

2-февралда Брюсселден аттанган Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен баштаган 10дон ашуун аткаминер Киевге келди. 3-февралда бул жерде Евробиримдик-Украина саммити ачылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG